www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Дүйнөдөгү эң чоң жанар тоо атыла баштады

Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында Гавайи аралдарында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң активдүү жанар тоо Мауна Лоа атыла баштаган. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги жазып чыкты.

Жанар тоонун тарыхындагы эң узак жымжырттыкка чекит койгону белгиленди. Башкача айтканда, Мауна Лао акыркы жолу 1984-жылы атылган.

27-ноябрь Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да Гавай аралдарынын асманы кызарып күйдү. Жанар тоодон ысык лава атылды.

АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, жанар тоо Гавайинин жергиликтүү калкына коркунуч туудурбайт. Бирок адамдар вулкандык газдардан жана майда күлдөн сак болушу керек.

Гавайи өзгөчө кырдаалдар агенттиги алдын алуу максатында аралда эки баш калкалоочу жай курганын билдирди. Ведомство ошондой эле адамдардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин баса белгиледи. Андыктан адамдарды эвакуациялоонун кажети жок.

Белгилей кетсек, Мауна Лоа Тынч океандан 13 679 фут (4 169 метр) бийиктикте Гавайи аралдарында жайгашкан жанар тоо тизмегинин бир бөлүгү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости