www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банк Бишкекке түтүн менен күрөшүүдө жардам берет

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Дүйнөлүк банктын муниципалитеттеги миссиясынын эксперттери менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар «Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Миссия буга чейин техникалык жардам жана инвестициялык компоненттер үчүн бир нече негизги багыттарды аныктаган.

Мэр жигердүү узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экенин билдирип, долбоорго киргизүү зарыл болгон артыкчылыктуу маселелерди белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү 2022-жылдын 10-майынан 22-майына чейин эксперттик топ долбоор боюнча бир катар жеке жолугушууларды өткөрөрүн белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости