www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилди. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Батай ысымы терең маанини билдирет.

“Ба” – “барс” сөзүнөн алынган, күч, эркиндик жана ички кубатты түшүндүрөт. Тумар дал ушул кар барсынын образын жаратат.

“Тай” – “таяныч” сөзүнүн кыскартылган түрү. Бул ички өзөк, тең салмак жана тамыр менен байланышты туюндурат.

Мындан улам Батай күч жана таянычты бириктирүү менен алдыга умтулууну билдирет.

Катчылыктан белгилешкендей, ак илбирс Кыргызстандын жаратылышы, анын ландшафты, мүнөзү жана маданий коду менен тыгыз байланышта. Оюндардын алкагында ал күчтү, кадыр-баркты, урматтоону жана ички тең салмактуулукту символдоштурат. Бул сапаттар спортко да, көчмөн маданиятынын философиясына да мүнөздүү.

Последние новости