www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Манас айылынын айланасындагы жагымсыз көрүнүштөр боюнча эмне дейт элең?
- Манастын айылы тарыхый жер. Бул жер 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы өткөндө ыйгарылган. Ал жерге мыйзамсыз кол салып киргенге эч кимдин акысы жок, биз мыйзамсыз иш аракеттерге каршы күрөшүп, Манастын айылын коргоп жатабыз. «Манастын айылынын бир кадам жери кемибей, кайра жаңы курулуш сапаты, мааниси менен салынышы керек» деп долбоор иштеп чыкканбыз. «Манастын айылы» деген ат өзгөртүлбөшү керек.
- Марат Турсунбеков, Дамирбек Асылбек уулу, Нургалы Асаналиев - булар кимдер? Эмнеге Мaнас айылына асылып жатышат?
- Булар өздөрүн президенттин, өкмөттүн кишисибиз деп мыйзамсыз иш аракеттерге барып жаткан адамдар. Бул кишилердин тарыхына уңулуп көрсөңөр, ким экенин жакшы билесиңер. Мендеги маалымат боюнча жана окуянын өрчүшүнө анализ кылсак, бул топко комплекстин жери эле керек. Манастын айылын ондоп-түздөмүш болуп, калган жерине бийик элиталык тамдарды салып, өкмөт үйүн салганына чегерсе керек.
Себеби буга чейин бул жер тилкесине кызыккандар болуп келген жана атайын «Манастын айылы» комплексин кароосуз калтырып, жарактан чыкты» демиш болуп жерин алуу аракети экенин көптөрү айтып келишкен. Эми болсо бул чуу чыкканы Манасчыларга «Манас театрын салып берип, театрдын үстүнө үй салып беребиз» деп келишип алышыптыр. Анан Манастын айылын оңдоп коюшат имиш. Мен канчадан бери кайра куруу керек деп атайын концепция сунуштап жүрөм, долбоор дагы даяр болгон.
- Бул боюнча Садыр Жапаровдун өзүне кайрылдыңарбы?
- Алгач «Манастын айылы кайра жаны курулсун» деген сунуш, пландар менен кабылдоосунда болгом. Президент колдоп, иш башкармалыкка өзү дайындаган. Ошентип иштеп баштаганбыз. Кийин кыңыр иштер чыга баштаганы өзүнө жолугуу мүмкүн болбоду. Жолуксам болгонун болгондой өзүнө эле айтмакмын. Бирок, президент деле кабардар экен да. Эмне үчүн Манастын айылынан ал кишилерди жогору коюп жатканы түшүнүксүз болуп жатат мен үчүн.
- Сага карата «коркутуулар болуп жатат деп уктук, ушу боюнча да кошумчалап коёсуңбу?
- Ооба, бирөөсү эскертип айтса, башкасы демитип, кекетип айтып алышты. Алардан коркчу мен эмесмин. Мен Манас дүйнөсүндөгү ордумду эмес, өзүмдөгү Манасты өйдө коюшум керек. Манас биринчи орунда болсун. Көпчүлүк өзүн, кызматын өйдө коюп алган заманда жашап жатабыз. Кайсы доор болбосун, Манаска андай мамиле болбойт!
Булак: Азия News гезити