www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын төртүнчү бургулоочу кемеси Абдүлхамид Хандын Жер Ортолук деңизинин терең суулары менен жолугушуу үчүн күн санап жатканын билдирди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Министр Дөнмез, Твиттердеги баракчасында кеменин бургулоо жөндөмдүүлүгүн, деңиз, система жана жабдык сыноолорун аяктаганын белгилеп:«Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин терең сууларына жолугуу үчүн күн санап жатат», деген сөздү колдонгон.

Жаңы муундагы технология менен жабдылган «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемеси 27-июлда порттон болжол менен 10 деңиз милин сүзүп, сыноо процедураларын аяктап, 2-августта портко кайтып келди.

Министр Дөнмез мурда кеменин Жер Ортолук деңизде кызмат кыла турганын билдирген болчу.

Процедуралары аяктаган кеменин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 9-августта Мерсин Ташучу портунан алгачкы сапарына узатылышы күтүлүүдө.

Последние новости