www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Добуш сатууга жана сатып алууга «жок» дейли

Талас аксакалдарынан жана активдүү тургундарынан куралган “Талас тайпасы” 9-октябрда жыйынга чогулду. Анын жыйынтыгында аймак тургундары эки негизги талап менен жергиликтүү бийликке жана партиялар менен талапкерлерге кайрылды.

1. Алдыда боло турчу Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш сатып алуу фактысын жоюу. Буга чейинки шайлоолордо элдин чыныгы тандоосу эмес, акча роль ойногону баарыбызга белгилүү. Добуштар товар сыяктуу сатылганынан кесепети – мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучуна кептегенин унута элекпиз.

Чыныгы эл үчүн күйгөн, мекенин сүйгөн талапкерлер четте калып, акчалуулар байлыгынын жардамы менен парламентке өткөнүн уккан элдин басымдуу катмары нааразычылык митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашты.

Бул сапар да добуш сатып алуу катуу жүрүп, элдин тандоосу акчага айланса, аны кайсы бир өзүнүн аброюна эмес, акчасына таянгандар айлантса, ал эми тийиштүү кызматтар ага көз жумуп коё турган болсо, элдин нааразычылыгынан пайда болгон окуялар сыдыргыга салгандай түз кетпей калышы да ыктымал эмеспи.

Ошондуктан, өткөндөн сабак алып, биринчи кезекте биз, шайлоочулар жана жергиликтүү бийлик, добуш сатып алуу фактылары менен аёосуз күрөшүүбүз керек. Добуш сатууга жана сатып алууга “жок” дейли. Акча аралашпаганда гана чыныгы талапкер тандалат.

А чыныгы талапкер парламентте элдин анык көйгөйүн айтат жана чечүүгө аракет кылат. Келечек өз колубузда, биздин бүгүнкү тандообуз менен келечек куралат. Өсүп келаткан муундун, балдарыбыздын эртеңки күнүн, мамлекетибиздин тагдырын 2-3 миң сомдон жогору коёлу. Капчыгына акча толтуруп келгендер эмес, акыл, билим көрөңгөсүн көбөйткөндөргө басым жасайлы. Биздин башкы жаңылыштыгыбыз – акчалуунун сөзүн сүйлөгөнүбүз болоорун аң-сезимибизге сиңирели!

Сиз жана биз – Кыргызстан. Эгер биз мекенге болгон сүйүүбүздү акчага байлабай, добуш сатып алчулардын сунган колуна алданбай, туура тандоо жасасак – өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон биринчи салымыбыз, жандүйнөбүздө жасаган биринчи революциябыз болот. Эл өзүбүз өзгөрмөйүнчө, элдин ишенимин товар сындуу акчага баалагандар үзүлбөйт.

2. Президент Садыр Жапаров шайлоодо эч кандай административдик ресурс колдонулбай турганын билдирди. Мамлекет башчынын кебин утурлай, жергиликтүү бийликке кайрылабыз: шайлоодо иштегениңерди токтоткула!

Силер мамлекеттик кызматкерсиңер, андыктан, канча талапкер, канча партия болбосун баарына тегиз карап, баарына бирдей шарт түзүп, тандоону элдин өз эркине койгула! Ар бир шайлоодо губернатор баш, аким, айыл өкмөттөр төш болуп, кайсы бир партиянын байрагын көтөрө чуркагандарын көрө берип көз талыгандай болду.

Бюджеттин колун караган кызматкерлерди каалагандай калчап, мажбурлап добуш бердирткени эч кимге жашыруун эмес. Бул кылыгыңарды таштагыла! Президенттин калыс билдирүүсүн кош колдоп колдоого алып, ал киши көрсөткөн туура жолго түшкүлө.

Кызмат абалыңарды бир талапкердин кызыкчылыгына багыттабагыла. Жергиликтүү бийликке таандык калыстыкты карманып, адилеттүүлүктөн артка чегинбегиле! Мына ошондо деңгээли бийик коом катары калыптанып, “таза шайлоо өткөрдүк” деп башты бийик көтөрүп айта алабыз.

Менин жеке пикирим, президент анык калыс болуш үчүн өзүнүн добушун эч бир партияга жана талапкерге бербеши керек. Шайлоо күнү шайлоо участокко барып кайрылуу жасап, бюллетенди албашы керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости