www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англияда парламент депутаты бычакталып өлтүрүлдү

Англиянын чыгышындагы Ли-он-Си шаарында консерваторлор партиясынан депутат Дэвид Амесс бычакталып өлтүрүлдү. 15-октябрда өз округундагы чиркөөдө шайлоочулар менен жолугушуп жаткан депутатка белгисиз бирөө кирип келип, бычак урганын британ полициясы билдирет.

Эссекс аймагынын полиция кызматкерлери бул окуяга байланыштуу бир эркек киши кармалганын, азырынча башка шектүүлөр жок экенин маалымдайт. "Ага бир нече жолу бычак сайылган", - деп айтты "Reuters" агенттигине окуяга күбө болгон жергиликтүү кеңештин мүчөсү Жон Лэмб.

Азырынча кармалган кишинин тек-жайы жана мотиви белгисиз. Британ медиасы ал 25 жашта экенин жазып жатат. 69 жаштагы Дэвид Амесс 1983-жылдан бери парламентке депутат болуп шайланып келе жаткан. Улуу Британиядагы бир топ саясатчылар Ли-он-Сиде нес кылуучу окуя болгонун билдирип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости