www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын фонунда салмак кошкон адамдар көбөйгөнүн айтып, тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу эл аралык уюмдун өкүлү Кремлин Викрамасингхе маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазат. ДССУнун инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча Европадагы кеңсесинин башчысы Викрамасингхенин билдиришинче, туура эмес тамактануу толуп кетүүгө гана эмес, коронавирустун өрчүп кетишине да алып келет.

"Азыр бизди тамактануу маселеси тынчсыздандырып жатат. Карантин маалында эл үйдө болду, үйдөн иштеди, анан тамактануунун нормасы менен убактысы бузулду. Мурдагыдай базарга барып жаңы жашылча-жемиш, азык-түлүк ала албай калды", — деген ДССУнун өкүлү.

Ал - аралыктан окуган балдар менен өспүрүмдөр да туура эмес тамактанып жатканын белгилеген. Эксперт адамдар кээде мурдагыдай шам-шум этпей эле тое жеп алып жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости