www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү уюмдарынын ишинин сапатын жогорулатуу, жумушчу кесипке даярдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле Жалал-Абад облусттук мугалимдерди өнүктүрүү институтун түзүү, алардын шартын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Белгилей кетсек, министр Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапары менен барган.