www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында «Министрлер кабинетинин күнү» орун алып, ыш менен байланышкан экологиялык абал, коомдук тамактануу жайларындагы баалардын өсүшү, тигүү тармагын колдоо чаралары, курулуш тармагындагы баалардын жогорулашы, ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө карата баа түзүү сыяктуу маселелер талкууланды.
Суроо-жооп форматында өткөн жыйында эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жооп берди.
Алсак, депутат Азизбек Турсунбаев Дүйнөлүк банк тарабынан борбор калаанын абасынын сапатын жакшыртууга бөлүнгөн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттын колдонулушуна кызыкты. Буга жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жооп берип, аталган каражаттын 7 млн АКШ доллары жашылдандырууга, ирригациялык тармактарды оңдоого, 7 млн АКШ доллары абанын сапатына автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү системасын орнотууга жумшаларын билдирди.
Мындан тышкары, Финансы министрлиги жарандарга көмүрдөн альтернативдүү жылытуу булактарына өтүү үчүн насыя түрүндө каражаттарды берерин кошумчалады.
Депутат Гүлнара Баатырова Ош облусунун Зергер жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүндөгү кичи футбол аянтчаларын жана башка спорттук объектилерди куруунун каржы булактарын карап чыгууну өтүндү.
Депутат Равшанбек Рысбаев Кызыл-Кыя шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жаратылыш газына кошуу зарылдыгына көңүл буруп, аймакта магистралдык түтүктөр тартылганын белгиледи.
Депутат Айсаракан Абдибаева Бишкек ЖЭБине чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу керектигин айтып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин бул ишти көзөмөлгө алууга чакырды. Депутат Исманали Жороев абанын булганышынын негизги себептеринин бири автотранспорт каражаттарында катализаторлордун жоктугу экендигин белгилеп, аталган жабдыктын болушун катуу көзөмөлгө алууну сунуштады.
Депутат Эдита Тайгараева Күнтуу жана Кожомкул айыл аймактарын газдаштыруу мөөнөттөрүн тактады. Депутат Нуржамал Төрөбекова майып балдардын персоналдык ассистенттерине төлөнүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү суранды.
Депутат Нилуфар Алимжанова балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууда кандай шарттар каралганына кызыкты.
Депутат Венера Салямова Манас шаарындагы облустук балдар клиникалык ооруканасында бейтаптардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу кошумча шаардык оорукана куруу зарылдыгы келип чыкканын билдирди.
Депутат Айгүл Ахмедова коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө акысын алып салуу баалардын олуттуу өсүшүнө алып келгенин билдирип, абалды жөнгө салуу керектигин белгиледи.
Депутат Чыңгыз Ажибаев реновация программасын ишке ашырууда социалдык объектилердин курулушун сөзсүз эске алуу керектигин айтты.
Депутат Гүлсүнкан Жунушалиев Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтун капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгына көңүл бурду. Талкуунун жыйынтыгында депутаттардын сын-пикирлери жана сунуштары эске алынып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.