www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынан кийин тиешелүү орун басарлары менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө иш сапарында аныкталган маселелер талкууланып, министр тарабынан облустагы билим берүү уюмдарында сапаттуу билим берүү жана эффективдүү башкарууну камсыз кылуу, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу, жарандар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана мектептердин абалын өз убагында чечүү боюнча оперативдүү тапшырмалар берилди.
Эки күндүк иш сапар учурунда министр жалпы жана башталгыч билим берүү уюмдарына барып, окуу процессинин жүрүшү менен таанышып, мектептердин абалын текшерди. Ошондой эле мугалимдер менен санариптик билим берүү платформаларын колдонуу боюнча пикир алмашып, алардын сунуштарын угуп, талкуулады.