www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-февралында Бахрейн Падышалыгына жумушчу сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Бахрейндин каржы жана улуттук экономика Министри Шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча кеңири маселелерди талкуулашты.
Элчи У.Марипов кыргыз-бахрейн биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тез арада түзүлүшүнүн жана ишке киришинин ошондой эле анын 2026-жылы Кыргыз Республикасында Биринчи жыйынын өткөрүүнүн, эки тараптуу сапарларды ишке ашыруунун, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн жана жакынкы аралыкта Бишкек менен Манаманын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде, Шейх Салман Аль-Халифа Элчиге берилген маалымат жана айтылган сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, талкууланган бардык маселелер боюнча министрлиги аркылуу зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин күн тартибиндеги маселелерди андан ары илгерилетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары бекемдөө үчүн зарыл болгон иштерди улантуу жөнүндө макулдашышты.