www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда доллардын баасы кымбаттоодо. Марттын башында 1 АКШ доллары 10 500 сум болсо, эки аптадан кийин 11 200 сумга жетти.
Доллар менен кошо азык-түлүктүн баасы да кымбаттады. Маслелен, Анжиян базарында өсүмдүк майы, ун, эт 10-15 пайызга кымбаттады.
– Беш литрлик күн карама майы 80 миң сум болсо, азыр 98 миң сум турат. Кумшекердин бир килограммы 8 миң эле, азыр 10 миң сумдан сатылууда. Эт дагы кымбаттады. Доллардын кымбатташы менен колбаса, сыр, таттуулардын баасы да өстү. Өзгөчө импорттук азык-түлүктөрдүн баасы жогорулап жатат, – деди Хаётулло аттуу сатуучу.
14-мартта орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган.
Ага чейин Украина кумшекердин экспортуна убактылуу чектөө киргизген. Өзбекстан кумшекерди Орусия менен Украинадан сатып алып турган.
Булак: NazarNews.kg