www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр дүйнөнү бийлеп жаткан көк кагаз өзүн сүйгөн пенделеринин ажатын ачып, ой-максаттарына жеткирип, байлыкка марытып, “уялчаак” депутаттарын сүйлөтүп турган заман. Айрымдарга атак-даңк, чин жылмая күлүп, байларды каалагандай калчап, пенделеринин сүймөнчүгүнө айланды. Энесинен артык көргөн көк кагазды ансайын тереңге каттырды. Отуз жыл бою шапар тептирип жыргатты.
Байлардын жыргал сапары карыды бейм, учурда УКМКнын коррупция менен күрөшү күч алды. Күмүш акчаларын ката албай алдастап, айласы эки кеткен чак. Коррупция менен күрөшүү өз жолу менен болсун, а биз адамга азгырык салган доллардын сыры эмнеде экенине токтолуп кетели. Имам Бухариден бизге жеткен касиеттүү хадисте Аллах тарабынан жиберилген пайгамбардын баары өз доорунда Тажал (Библиядагы Антихрист) жөнүндө эскерткен диний аңгемелерде Тажалдын кейпи сүрөттөлүп, анын жалгыз көзү бар экени айтылган.
Америкалык валютанын эң майда купюрасы - 1 долларлык банкнотту колуңузга алып, карап көрсөңүз, анын арткы бетинде жалгыз көз түшүрүлгөн сүрөттү көрөсүз. Чындыгында АКШдагы эң өтүмдүү доллардын бетиндеги кишиге жагымсыз таасир берген он үч сандан куралып бүтпөй калган пирамиданын ортосуна түшүрүлгөн жалгыз көз эмнени билдирет? Ал пирамида менен үч бурчтук масондордун символу. Көздүн үстүндөгү Annuit Coeptis деген латынча жазуу он үч ариптен турат (ушул 13 саны бир нече ирет кездешет).
Кыргызчага которгондо, бул сөздөр "максатыбызга жеттик" дегенди туюндурат. Ал эми астындагы Novus Ordo Sectorum деген сөз - "жаңы дүйнөлүк тартип" - америкалык доордун башталышынын символу. Эң эле таң калтырганы, банкноттун эни туптуура 66,6 миллиметр экени. Библия боюнча 666 саны - Тажалдын тамгасы. Көк кагазды таратуучулардын айтуусуна караганда, доллардагы көз - Тажалдын көзү.
Ал эми пирамида түбөлүк кулдуктун символу, жана көз баарын көрүп, башкарып турган масондук элита. Көз: "Мен Кудаймын, мен баарын көрүп турам, ааламдын кожоюнумун, баардыгы мага багынууга тийиш", - деген белги. Пирамида курулушунун бүтпөгөн иреге ташы АКШнын өмүрү бүтпөгөн баскынчылык аракети. АКШ мамлекети биз сөз кылып жаткан тамганын сырын мындайча түшүндүрөт.
Пирамида мамлекеттик курулуштун бекемдигинин символу, бийикке умтулуусу, 13 катардан турган кирпич АКШнын негизин курган алгачкы он үч штаты. Пирамиданын бүтпөй калганы АКШ мамлекетинин бийиктеп өнүп-өсүп баратканын көрсөтөт. Үч бурчтуктун ичиндеги көз материалдык дүйнөдөн жогору турган руханий дүйнөнү жана баарын көрүп турган кудайлык күч экенин билдирет.
Бир доллар купюрадагы жалгыз көз сүрөттү АКШ президенти Рузвельт койдурган. Бирок сүрөттү ал ойлоп тапкан эмес, ал АКШнын чоң мамлекеттик мөөрүнүн каршы бетинде мурдатан бар тамга болчу. Бир кызыгы, Украинанын жаңы улуттук валютасы 500 гривендик банкнотунда да үч бурчтук менен көз жана анын жанында Киевдин Могилян академиясынын имараттынын сүрөтү түшүрүлгөн.
Ой жүгүртүүчүлөр: "Бул Киев Могилян академиясынын имараты масондук окуу жайбы же Украина экономикасы масондордун байкоосундабы?" - деп баш катырууда. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ номер биринчи супердержавага айланганы белгилүү. Кыйраган Европага жашыл кагаздуу долларлар Батыштын башкы валютасына айланган.
Ал эми бүгүнкү оор кризис дүйнөнү кучагына алган кезде доллар ого бетер көтөрүлүп, муштумдай түйүлүп, үстөмдүк кылып турганы айтпасак да түшүнүктүү. Ошентип көзгө көрүнбөгөн АКШнын жашыл кагазы дүйнөнү доллардын кулуна айландырып, өздөрүнө көз каранды кылып койду. Бүт дүйнө элинин каржы маселеси долларга келип такалат.
Себеби - жер бетиндеги баардык элдин экономикасы АКШ валютасынын курсуна көз каранды. Кара алтын, нефтедоллар менен гана байланып сатылат. Эл аралык соода-сатыктын баары доллар менен өлчөнөт, кыскасы, дүйнө эли доллардын кожоюндарына кызмат этүүдө. Каржы жөнүндөгү байкоочулардын болжолунда, АКШ долларынын башына чындап күн түшсө, ага Россия менен Кытай же Түштүк Корея гана туруштук берүүсү мүмкүн деп эсептейт эксперттер.
Булак: Азия News гезити