www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп акыркы бир күн ичинде Иранга карата оюн жумшарткан. Буга Араб өлкөлөрүнүн активдүү дипломатиялык сүйлөшүүлөрү негиз болгон. Мындан улам, жакын арада аскердик операция болбойт турганы айтылууда.
AFP агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясы, Катар жана Оман Вашингтондо Иранга чабуул коюудан баш тартууга чакырып, эгер сокку урулса Жакынкы Чыгышта кырдаал такыр көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүндүгүн, натыйжасы олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертишкен. Сүйлөшүүлөргө ылайык Трампты Иранга ниетин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө көндүрүшкөн.
Маалыматка караганда, учурда тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр уланып, ишенимди сактоо жана чыңдоо аракеттери көрүлүүдө.
Ал арада АКШнын Каржы министрлиги Ирандагы массалык нааразылыктардын үстүндө режимдин жогорку өкүлдөрү өлкөдөн ири көлөмдөгү акчаларды чыгара баштаганын билдирди. Бул тууралуу АКШнын каржы министри Скотт Бессент Newsmax телеканалына берген маегинде айтты.
Анын айтымында, Иран жетекчилиги «кемени таштап качып жаткандай», миллиондогон, атүгүл ондогон миллиондогон долларларды чет өлкөлөргө мыйзамсыз чыгарып, дүйнөнүн ар кайсы банктарына жана каржы институттарына которууда.
АКШнын Минфини бул операцияларды кадимки банктык система аркылуу да, санариптик активдер аркылуу да кылдат көзөмөлдөп жатканын белгиледи.