www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп инаугурациянын салттарын бузуп, чет өлкөлүк саясатчыларды чакырды деп Politico басылмасы жазды. Буга чейин инаугурацияга чет элдик дипломаттар гана чакырылган, ал эми өлкө лидерлери чакырылган эмес. Бул жолу чакыруу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге жөнөтүлгөн. Бирок ал чакырууну кабыл алган эмес жана өзүнүн орун басары Хань Чжэнди жиберген.
Ошол эле учурда салтанатка дүйнөдөгү оңчул саясатчылар чакырылган. Алардын катарында Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Аргентина менен Сальвадордун президенттери Хавьер Милей жана Найиб Букеле, Улуу Британиялык саясатчы Найджел Фараж, француз саясатчысы Эрик Земмур, бельгиялык Том Ван Грикен, Польшанын мурдагы премьер-министри Матеуш Моравецкий жана Бразилиянын экс-президенти Жаир Болсонару бар.
Германиядан чакыруу "Германия үчүн альтернатива" партиясынын лидери Алис Вайдельге жөнөтүлгөн. Бирок ал бара албай, анын ордуна партиялашы Тино Хрупалланы жиберген. Ошол эле маалда Еврокомиссиянын төрайымы, немис саясатчысы Урсула фон дер Ляйен чакырылган эмес. Politico бул жагдайды “маанилүү белги” деп мүнөздөп, “европалык борборчул саясат экинчи планга жылдырылганын” белгилеген.
Салтанатка АКШнын мурдагы президенттери Жо Байден, Билл Клинтон, Жорж Буш кичүү жана Барак Обама да катышат. Бирок төрт жыл мурун Байдендин инаугурациясына Трамп өзү катышкан эмес. Мындан тышкары, коноктордун арасында Илон Маск, Марк Цукерберг, Жефф Безос, OpenAI компаниясынын башчысы Сэм Альтман жана TikTok платформасынын жетекчиси Шоу Цзы Чу да бар. Бул иш-чарага орус өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлбөйт.