www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп Кытайга кезектеги

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай катачылык кетирип, эми аны жашырганга аракет кылып жатканын 3-майдагы "Fox News" телеканалындагы эфирде билдирди.

"Мен Кытай тарап чоң ката кетирип, эми аны моюнга албай жатат деп ойлойм. Биз Кытайга барып иликтөө жасаганды каалаганбыз. Бирок алар биздин келишибизди каалаган жок. Алар бизди азыр эмес  кийинчерээк келүүбүздү экенин билдиришти.

Менин оюмча, алар ката кетирип, эми аны жашырганга аракет кылып жатышат. Эң негизги жаман нерсе Кытай өзүнө киргендерге тыюу салып, ал эми өлкөдөн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө чыгып кетүүгө уруксат бергенинде. Биз азыр алардан вирус чыкканын убагында кабыл алдык, эми алар ошого жараша кенен отчёт бериши керек", - деген президент өз сөзүндө.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды коронавирус тууралуу маалыматты жашырган деп айыптап, келтирилген залака үчүн миллиарддаган суммадагы компенсация талап кылышы мүмкүн деп айткан.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости