www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Франциянын биринчи айымы Брижит Макрон аял экенин баса белгиледи.
Трамп АКШнын Иранга карата тышкы саясаты боюнча пикир келишпестиктерден улам мурдагы консервативдүү медиа союздаштарына каршы катуу жана эмоционалдуу билдирүү жасады. Алардын катарында Такер Карлсон, Кэндис Оуэнс, Мегин Келли жана Алекс Джонс бар.
- Алар акылсыз адамдар, өздөрү да билишет, алардын үй-бүлөлөрү да билишет, баары билишет!, - деп жазды Трамп Truth Social платформасында.
Ал өзүнчө Кэндис Оуэнстин билдирүүлөрүнө токтолду. Буга чейин Оуэнс Франция президентинин жубайы Брижит Макрон тууралуу талаштуу билдирүүлөрдү таратып келген. Анын ичинде Брижит чындыгында эркек болуп, жынысын алмаштыруу операциясынан өткөн деген теорияларды айткан. Бул теориялар четке кагылып, соттук териштирүүгө чейин жеткен.
- Акылынан айныган Кэндис Оуэнс Франциянын абдан урматтуу биринчи айымын эркек деп айтып жатат, бирок бул туура эмес. Брижит Макрон учурдагы сот ишинде көп акча утуп алат деп үмүт кылам. Жалпысынан, менин оюмча, Франциянын биринчи айымы Кэндиске караганда алда канча сулуу аял, чынын айтсам, салыштыруу да мүмкүн эмес, - деди Трамп.