www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти менен Украинанын президентинин жолугушуусунда Трамп: "Бул жолугушуудан кийин, бүгүн, мен Путинге телефон чалам. Мен украиндерди жакшы көрөм. Мен баарын, анын ичинде рустарды да жакшы көрөм. Мен бул согуштун аяктаганын каалайм", - деп айтты.
Ага кошумча Дональд Трамп Украина НАТОдогу мүчөлүккө кирбейт деп билдирди.
"Эгер Путинден мурдагы тарыхка карасак, Украина НАТОго киргизилбейт деген билдирүү дайым болгон. Ошондуктан мындай билдирүү жасалган," - деп баса белгиледи АКШ президенти.
Трамп: "Биз Украинага акча бербейбиз. Биз курал сатабыз. Биз буга чейин 300 миллиард доллар бергенбиз. Мунун бардыгын Байдендин коррупцияга баткан администрациясы жасады", - деп кошумчалады.
Эске салсак ушул тапта АКШ менен Украина жана Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, Финляндия, Еврокомиссиянын жетекчилиги жана башкалар чогулган жолугушуу өтүп жатат.