www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трампка кол салууга кылмыштуу топтун тиешеси болушу мүмкүн экенин жеке детектив Дуг Хэгман билдиргенин New York Post гезити жазып чыкты.​​​​​​

"Биздин оюбузча, (шектүү Томас Мэтью Крукс – ред.) жалгыз иштеген эмес. Бул иш олуттуу координацияны талап кылган. Менимче, Крукска бир нече адам жетекчилик кылган жана аны колдонуп кетишкен. Ал эми (шайлоо алдындагы – ред.) митингде ага жардам берген адамдар болушу мүмкүн экенин да четке какпайм", – деген Хэгмандын сөзүн басылма келтирет.

New York Post маалыматына караганда, Хэгман былтыр 13-июлда болгон кол салуудан кийин жеке кардар тарабынан Крукска байланыштуу иликтөө жүргүзүү үчүн жалданган.

Бул убакыттын ичинде ал 100дөн ашык адамды суракка алып, шектүүнүн үйүнөн табылган смартфондор менен планшеттердин маалыматтарын анализдеген.

Хэгмандын айтымында, бул кол салууга байланыштуу болушу мүмкүн болгон "кылмыштуу тармак" дагы эле бар жана азыр да Трампты өлтүрүүнү каалашат.

Эске салсак, Трампка кол салуу 2024-жылдын 13-июлунда Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митингде болгон. Ал кулагынан жаракат алып, бир көрүүчү каза болуп, дагы экөө жарадар болгон. АКШнын Жашыруун кызматы шектүү – 20 жаштагы Томас Мэтью Круксту атып өлтүргөн. Ал сахнадан 100 метр алыстыкта жайгашкан өндүрүш имаратынын чатырына жашынып алып, бир нече жолу ок чыгарган.

Последние новости