www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Heritage Foundation ("Мурас" фондунун) жыйынында АКШнын экс-президенти мекендештерине "өлкөнүн тарыхындагы эң кооптуу убакта" жашап жатышканын айтты.
Дональд Трамптын чындап чочулаганы эмне?
Виктория Никифорованын Кошмо Штаттардын мурунку лидеринин мындай кебин талдаган макаласын РИА Новости сайтына жарыялаган.
Атайын операциянын жаңы баскычы Украина маселесине чекит коюу боюнча Россиянын чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Украинага Батыштын куралдары менен жабдылышы да жардамчы болгон жок. Батыштын атайын багыттагы күчтөрү да ишти куткара алган жок, тескерисинче, жапырт каза таап, качып же туткунга түшүүдө. Айтор, Россия жеңишке карай багыт алууда. Эмне кылуу абзел? Американын саясий чөйрөсүндөгү чанда кыраакы кишилер америкалыктар бул иштерди таштап, өз көйгөйлөрүн чечүү менен алектенгени оң экенин айтышууда. Америкалыктар Улуу депрессия убагынан бери кайталана элек ыргакта каржылык көйгөйлөрүнө тушугуп барат.
Кошмо Штаттар Украинадан россиялык күчтөрдүн толук чегиниши, Крым менен Донбассты өткөрүп беришин талап кылат. Ансыз сүйлөшүү жөнүндө эч кандай кеп жок. Эгер Россия атайын операциясын акырына чейин ийгиликтүү жүргүзсө, ал Вашингтондун биротоло жеңилиши болот. Афганистандан качкан соң америкалык аскердик күч туурасындагы кыялдар аздыр-көптүр сакталган чыгар. Штаттар Украинаны да таштап кетсе, анда иштин бүткөнү. Трамп айткан коркунуч ушулбу? Мында жаңылык деле жок го?..
Бүгүнкү күндө кырдаалды ырбатуунун эки сценарийи бар. Биринчисине ылайык, Вашингтон Украинага аскерлерди баары бир жөнөтөт. Буга жогорку кызматтагы саясатчылар көп үндөп келишет.
Экинчи сценарий боюнча америкалык атайын кызматтагылар Украинадагы кол алдындагылар аркылуу ал жакта тозоктуу чагым уюштурууну самап, андан соң америкалык маалымат каражаттары баарын Россияга шылтамакчы. Иш-чаралардын мындай планын жакында Foreign Affairs журналы жазып чыкты. "Ойго келгис нерсеге камылга" деп аталыптыр.
Алардын чагымына химиялык, биологиялык же өзөктүк курал кошулушу мүмкүн. Ошол эле учурда Украина территориясындагы биологиялык куралдардын баары америкалык өндүрүштөгү болуп саналары жашыруун эмес. Ал жактагы лабораторияларды куруу жана кооптуу патогендерди эксперимент жүргүзүүгө салым салгандар азыркы америкалык президент Байдендин жакын чөйрөсүнөн. Негизги демөөрчүлөрдүн арасында анын уулу Хантер да болгон.
Булак: NazarNews.kg