www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамптын демилгеси менен түзүлгөн “Тынчтык кеңешинин” фонду ишке киргенден бери бир дагы доллар каржылоо алган жок. Бул тууралуу Financial Times басылмасы булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, фонд бош бойдон калууда жана анын укуктук-коомдук абалы так аныкталбагандыктан, долбоорлорду ишке ашыруу кечигип жатат. Алардын ичинде Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү пландары да бар.
Буга чейин февралдагы жыйында бир нече өлкөлөр Газа үчүн жалпы 7 миллиард доллар бөлүүгө убада беришкен. Алардын катарында Казакстан, Азербайжан, ОАЭ, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана Кувейт бар болчу. АКШ кошумча 10 миллиард доллар, ал эми БУУ 2 миллиард доллар кошмок.
Бирок каржылоо болбогондуктан, Газа боюнча башкаруу үчүн пландалган Улуттук комитет (NCAG) ишин баштай элек.
“Тынчтык кеңеши” 2026-жылдын башында расмий түзүлүп, 19 өлкө тарабынан кол коюлган документтин негизинде ишке киргизилген. Анын максаты — Газа тилкесин башкарууга көмөктөшүү жана башка аймактардагы конфликттерди жөнгө салууга жардам берүү.