www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кенже жетектөөчү курамдын кызмат орундарына коюлган шарттарга жана квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары чакырылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар: 

-Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 

-жашы 19дан 30 жашка чейин;

-орто, атайын орто же жогорку билиминин болушу; 

-аскердик кызматты өтөгөн (милдеттүү); 

-жогорку физикалык даярдык; 

-соттолбогон;

-ден соолугунун абалы боюнча атайын бөлүктөрдө кызмат өтөөгө жарамдуулугу. 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

-арыз; 

-белгиленген үлгүдөгү анкета; 

-өмүр баяны жана өмүр баяны боюнча реферат; 

-тиешелүү билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; 

-эмгек китепчеси; 

-аскердик билет; 

-паспорттун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү; 

-балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн жана нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо); 

-аскердик-дарыгерлик комиссиянын укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө жарамдуулугу жөнүндө корутундусу; 

-кеминде үч сунуштама кат; 

-көк түстүү фондогу, жарандык кийимдеги сүрөттөр: 9×12 жана 3×4 

-фамилиясын, атын же атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; 

-кызматтык мүнөздөмө; 

-мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө сертификат;

-жашаган жери боюнча участкалык милициянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымкаты; 

-жашаган жери боюнча Ички иштер органынан айыптоочу материалдардын жоктугу жана издөөдө жүрбөгөндүгү жөнүндө маалымкат.

Тандоо этаптары: 

1. Документтерди текшерүү, 

2. Дене тарбиялык даярдыгын текшерүү, 

3. Психологиялык изилдөө,

4. Маектешүү.

Документтер: 2026-жылдын 28-майынан баштап кабыл алынат. 

Документтер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кабыл алынат. Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469. Тел.: (0312) 66-23-57 

Последние новости