www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда украин тилинде окутуу дээрлик токтотулду. Бул Адам укугу боюнча Харьков тобу жарыялаган баяндамада айтылат, деп Азаттык жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга ылайык, 2014-жылдан тарта мектептерде украин тилинде билим берүү кыскартылган. Учурда Донбасстын орусиячылдар көзөмөлдөгөн райондорунда жумасына бир гана жолу украин тили сабагы өтөт.

“Бул ачыктан-ачык орусташтыруу программасы” деп айтылат укук коргоо тобу жарыялаган отчетто.

Ал эми Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында да украин тилинде билим берген мектептер жабылган. Крым-татарларынын тилиндеги билим берүү жайларынын саны кескин кыскарып, учурда мындай жети гана мектеп калган. Бул аймактардын бийлиги мындай кырдаалды жергиликтүү калктын талабы деп түшүндүрүп келүүдө.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялаган. Москва мындай аракетти жергиликтүү калктын каалоосу менен түшүндүргөн.

Ал эми Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын орусиячыл жикчилдер башкарып, өз алдынча республика деп жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости