www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Донбасс жөнүндө Орусияда тартылган даректүү тасмалардын көрсөтүлүшүнө уруксат берди. Бул тууралуу 21-апрелде Жогорку Кеңеште маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди. Тасмалар тууралуу суроону депутат Марлен Маматалиев берген: “Өзүбүз айтып жатабыз - биздин стратегиялык өнөктөш деп. Бирок жөнөкөй эле кино көрсөтөйүн десе ошого тоскоолдуктар болуп жатыптыр”.

Министр Жаманкулов депутатка төмөнкүчө жооп берди: “Фильм келгенде биз башында анын контентин, ички мазмунун карап коюшубуз керек. Ошол боюнча комиссия түзүлүп… Кайчы пикир болгондуктан кичине токтотуп турдук эле. Бирок кечээ уруксат берилди”.

"Чындыктын мезгили" деп аталган кинофестиваль алкагында 15-17-апрель күндөрү Бишкекте, Караколдо жана Кара-Балтада үч тасма акысыз көрсөтүлмөк. Бишкектеги Asia Mall соода борбору аларды көрсөтүүдөн баш тарткан. Кийин калган эки шаарда да көрсөтүлбөй турганы маалым болгон. Фестивалга жергиликтүү жарандык активисттер каршы чыгып, Кыргызстан Украинадагы окуяларды чагылдырууда орус маалыматтарынын таасиринде калганын айтып, коңгуроо кагышкан.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул иш-чараны өткөрүүгө тиешеси жок экенин, анын демилгечиси "Гармония" орус маданий борбору экенин билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага кол салган жана согушту өзү "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости