www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
CNN жана “Agence France Presse” (AFP) журналисттери Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский менен кошо 19-февралда Донбасста ок алдында калганын жазып чыкты. Донбасста украин парламентинин депутаттары жана чет элдик журналисттер окко учкабылганын кечээ Украинаны колдогон “Элдик кызматчы” партиясынын басма сөз катчысы Юлия Паличук да билдирди.
“Ишемби күнү Украинанын ички иштер министрин фронт сызыгында коштоп бараткан CNN менен AFP журналисттери да миномёттук атылууга дуушар болду - деп айтылат CNN сайтындагы билдирүүдө.
Буга чейин "Украина-24" телеканалы украин депутаттары менен чет элдик журналисттерге ок атылганын билдирген. Телеканал, ошондой эле, Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский да атылганын кабарлады, бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.
Ошондой эле, 20-февралга караган түнү Украинанын чыгышындагы Донецк облусунда бир нече катуу жардыруунун үнү угулганы кабарланган. Бирок Киев дагы, КЭДР да кол салуу үчүн бири-бирин айыптоодо.
Украинанын чыгышындагы орусиячыл, өзүн-өзү суверендүү деп жарыялаган аймактардын, Луганск Эл Республикасы (ЛЭР) жана Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) лидерлери 18-февралда жергиликтүү калкты Орусияга эвакуациялоого буйрук беришти.
Украинадагы жикчил кыймылдын эки аймагы украин аскерлеринин 17-февралдагы Донбасстагы чабуулу үчүн Киевди айыптады. Бирок расмий Киев Украинанын аймагына ЛЭР менен ДЭР тарабынан 60 жолу ок атылганын айтууда. Чындыгында кол салуулардын айрымдары оор артиллерия менен жасалганы кабарланууда.
Бехруз Саидов, Ташкент
Булак: NazarNews.kg