www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзөктүк куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынына видео кайрылуу менен катышты. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Айдарбеков БУУнун куралсыздануу жаатындагы негизги ролун, ошондой эле өзөктүк куралсыз дүйнөгө жетишүү үчүн көп тараптуу механизмдерди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Мындан тышкары, ал куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөө Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги принциптеринин бири экенин билдирген.

"Министр Борбор Азиядагы өзөктүк куралсыз аймагынын маанисин белгилеп, быйыл Кыргызстан координатору экендигин белгиледи. Тактап айтканда, өзөктүк куралсыз аймактын регионалдык жана глобалдык коопсуздукту чыңдоодо жана өзөктүк энергияны тынчтык максатта колдонууда, Борбор Азия региону айкын үлгү экендигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттери тарабынан сунуштала турган "Борбордук Азиядагы өзөктүк куралсыз аймак жөнүндө келишим" резолюциясын колдоого чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости