www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” базарлары кирет. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, 30-ноябрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери салык саясатына каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде түшүнбөстүктөр көп экенин айтып жатышат.

Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда. 29-ноябрда эле Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости