www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монополияга каршы кызмат Бишкек жана Чүйдөгү көмүр саткан базаларга барып түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

"Дордой" базары жактагы айланма жолдун боюнда Кара-Кече кенинин көмүрүнүн тоннасы 5 000-5 400 сомдон сатылып жатканы аныкталган. Ташуучулар жана сатуучулар менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 4 600-4 200 сомго чейин төмөндөтүлгөн.

"Чүй облусунун Аламүдүн районунда Кара-Кече көмүрүнүн жогорку чекене баасы бардык чыгымдарды эске алуу менен тоннасы — 4 600 сом. Токмок шаарындагы көмүр рыногунда абал туруктуу, учурда үч отун базасы жана стационардык жети пункт иштеп жатат. Көмүрдүн запасы 3 060 тоннаны түзөт. Шабыркөл жана Кара-Жыра кендеринен чыккан көмүрдүн чекене баасы 5 000 сомдон, Кара-Кеченин көмүрү 4 300-4 400 сомдон сатылууда", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости