www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Дордой» базарынын аймагындагы жолдорду реконструкциялоонун экинчи этабы уланууда. 22-сентябрда мэр Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Безымянная көчөсүнүн жаңыланган бөлүгүн ачты.

Жолдун реконструкцияланган бөлүгү Түндүк айланма жол тараптан Чымкент токтотмо жайына чейин жетет.
Иштин алкагында жолдун асфальт-бетон жабуусу жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана ирригациялык система курулду.

Бул аймакта жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Реконструкциялоо иштерин каржылоону «Дордой» базарынын ээлери жана ишкер субъекттери жүргүзгөн. Подряддык уюм катары «Каменная дорога Бишкек» ЖЧКсы иш алып барды.

Реконструкциянын экинчи этабынын кийинки объектиси катары Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки Элебесов көчөсүнүн бөлүгү белгиленди.

Последние новости