www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Дордой" менен "Кара-Суу" базарлары өзгөчө салык төлөө режиминдеги соода аймагына айланат. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин Укук тартиби комитетинин 29-ноябрдагы отурумунда экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди. Бул жыйында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралган.
Депутат Алишер Эрбаев Бюджет кодексиндеги "өзгөчө режимдеги соода аймагынын ишмердүүлүгү үчүн салык" тууралуу сурады. Ага жооп берген министрдин орун басары И.Асылкулов бул "Дордой" жана "КараСуу" базарларына тиешелүү экенин айтты.
"Бүгүнкү күндө бул базарлар өзгөчө зона болуп эсептелет жана аларга атайын салык режими киргизилет. Бул соода лицензиясы сыяктуу. Бирок лицензия эмес, салык. Баасы патент сыяктуу эмес, орточо эсептелет. Эгерде патент 2 миң сом болсо, анда бул режимге жылдык салык көлөмгө жараша 1 млн сомго чейин жетет", - деди И.Асылкулов.
Ал эми бирдиктүү салык өлкөнүн башка аймактарында иштейт деп түшүндүрдү.
Булак: NazarNews.kg