www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрыкча, «Чүйдүн чүйгүндөрү» менен бир чүкө атышса, бир бири-бирин кубалашмай жагынан алдыга киши салбайт. Атамбаев менен канча ирет дос болуп канча ирет мылтыгын ала чуркады. БШКга бир нече ирет жетекчи болгондуктан Шайлдабекованы алып келген да ушул деп жүрүшөт. Кырды бычак болуп жүргөн Иса Өмүркулов менен Туйгунаалы Абдраимов жолукту. Экөө буга чейинки таарынычтарын сууга салышып, майда -барат нерселерден бийик бололу деп кайрадан достошту. Пайгамбар жашына келишкенде жаңы дос табылмак беле? Айрым бузукулардын айынан мамилелери салкындап калды деп шылтоолошту. Убагында элдешип алышканы дурус болуптур. Аксакалдык куракка келип калышканда жаштарга үлгү жаратып, жол көрсөтүшсө жаманбы? Мансап, байлык колдун кири, бул жалганда сыйлашуудан өткөн мурас барбы? Эки дос үй-бүлөлүк тиричиликтен сырткары, мамлекеттин туруктуулугу, элдин келечеги боюнча да баарлашып, акыл калчашканы жакшы жышаан эмеспи...

Өткөн айдын аягында УКМК өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимовду кармады. Маалыматка ылайык, Туйгуналы Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95% акциясы өзүнө таандык болгон «Кайнар» ЖАКна аянты 11,2 га болгон таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган.

«Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, «Кайнар» ЖАКы 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардыкэкологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн ай сайын 250 миң сом «Кайнар» ЖАКка төлөп турган.

Бирок, «Кайнар» таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жол кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

30-апрелде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча алдын ала квалификациялоо менен кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка шектүү катары Т.Абдраимов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Туйгуналы Абдраимов 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген. Өңү суук журналисттерге маек бербейм деп атып бул кызматынан да четтеген.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости