www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдардын ара төрөлүшү коомдук саламаттыктын курч көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик маалымдагандай, жыл сайын дүйнө жүзүндө 15 миллион ымыркай ай-күнүнө жетпей төрөлөт. Дагы 20 миллиондон ашык бала кичинекей салмак менен жарык дүйнөгө келет. Бул көрсөткүч күндөн-күнгө өсүп жатат жана балдардын беш жашка чейин чарчап калышынын бирден-бир себеби болууда.

Бала бойго бүткөндөн кийин 37 аптага жетпей төрөлсө ара төрөлдү деп саналат, ал эми төрөлгөндө 2,5 килограммдан аз болсо салмагы жетишсиз деп эсептелинет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай абалда төрөлгөн ымыркайлардын жашап кетүүсүнө жардам болчу ыкмаларды айтты. Уюмдун өкүлдөрү бала ай-күнүнө жетпей төрөлсө дароо инкубаторго салбай, адегенде апасынын (же башка жакын адамынын) денесине "кенгуру ыкмасы" менен жаткырууну сунуштайт.

"Бул мурдагы сунуштардан такыр башка ыкма, бирок ымыркай төрөлөрү менен чоң адамдын денесине жаткырылганы ден соолугу үчүн пайда. Ара төрөлгөн балдар жашап кетиши мүмкүн, кадимкидей эле чоңоё да алышы мүмкүн, болгону бул үчүн аларга шарт түзүү керек", — деген ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус.

Ай-күнүнө жетпей төрөлгөн ымыркайдын майы такыр жок болгондуктан өз алдынча жылуулукту сакташы абдан оор. Буга байланыштуу мурда мындай наристелер инкубаторго салынып келген. Азыр баланын дем алышы жайында болсо энесине берип, ал "кенгуру ыкмасын" колдонсо бала үшүбөй, инфекциялык оорулар азыраак жугуп, эмчек эмүүсү калыптанары айтылат.

Мындан тышкары, дарыгерлер ара төрөлгөн балдарга жана аларды баккан үй-бүлөлөргө моралдык, мүмкүн болсо материалдык колдоо көрсөтүү маанилүү экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости