www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ Covid-19дан айыктыра турган дарыны атады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Американын «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниялары тарабынан ойлоп табылган COVID-19га каршы дары үмүт берип жатканын айтты.

Тедрос Адханом Гебресиес ушул сыяктуу окуялар пандемияны жоюу боюнча болуп көрбөгөндөй кызматташуунун натыйжасы деп белгиледи.

Ал эми Американын жаңы шайланган президенти Жо Байден эмдөөнү бир нече убакыт күтүү керектигин, эмдөө башталганга чейин вирус көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кетерин эскертти. Ошондуктан ал америкалыктарды баардык санитардык эрежелерди сактоого үндөдү.

Ошондой эле Американын учурдагы президенти Дональд Трамп бул вакцинаны болуп көрбөгөндөй жаңылык деп эсептеди.

Өз кезегинде Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Лондон улуттук кызматтардын маалыматтарын күтүп жатканын, маалымат келгенден кийин гана массалык эмдөөлөр жөнүндө сүйлөшүүгө болорун билдирди.

Евробиримдик америкалык-германиялык вакцинанын 300 миллион дозасын сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лейен билдирди. Ал сыноолордун ийгиликтүү өткөндүгүн Европа илиминин мыкты жетишкендигинин далили деп атады.

Андан тышкары дары келгиче адамдарды бири-бирине кам көрүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости