www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Иммунитети бар жарандар эмдөөдөн өтсө болот

Коронавирус илдети менен ооруп айыккан, башкача айтканда иммунитети бар (антителасы) жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болот. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун орусиядагы расмий өкүлү Мелита Вуйнович билдирди.

Анын айтымында, вакцина адамда кандай деңгээлдеги антитело болбосун, ага эч кандай зыян келтирбейт.

«Эгерде сизде антитело болсо, анда бул вакцина сизге кандайдыр бир деңгээлде зыян келтирет дегенди билдирбейт. Бул туура эмес. Антителолордун деңгээлине карабастан, коронавируска каршы коопсуз эмдөөгө болот ”, — деп айткандыгын ТАСС агенттиги жазды.

Ошол эле учурда Вуйнович коронавируска каршы эмделген жарандарды беткап кийип жүрүшү керектигин эскертти.

«Эмдөөдөн өтсөңүз же ооруп калсаңыз дагы, бет кап кийишиңиз керек. Анткени, эмделген адам оорубаса дагы, вирус анын денесинен өтүп, кайсы бир учурда вирус башка адамга жугат«, — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости