www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ пандемия орчундуу чекке жеткендигин билдирди

Коронавирустун жаңы түрүнүн пандемиясы орчундуу чекке жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 боюнча техникалык директору Мария ван Керкхове билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынын траекториясы учурда "тездик менен өсүп жатат" деген ал. Бир жыл мурун 500 миңге жеткен вирустун акыркы аптада 4 миллион 400 миңден ашуун жаңы учурлары катталганын белгилеген.

"Учурда биз пандемиянын оор мезгилинде турабыз. Эпидемиянын ийри сызыгы уламдан-улам күчөп баратат. Жетинчи жума катары менен COVID-19 оорусунун өсүшү байкалууда. Өткөн аптада 4 миллион 400 миңден ашуун инфекция аныкталды. Биз бул багытта жүрбөшүбүз керек эле жана биз буга олуттуу карашыбыз керек", - деген Мария ван Керкхове.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости