www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде, Кыргыз Республикасынын борбор калаасында Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен улуттук баатыр — Бишкек баатырдын эстелиги ачылды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаар жана анын тургундарына бул иш-чаранын маанисин белгилеп, Бишкек баатыр, ага байланышкан тарыхый окуяларга токтолду жана кыргыз жерин баскынчылардан бошотууда анын сиңирген эмгегин белгиледи.

Иш-чарада ошондой эле өнөр жай тармагына эмгек сиңирген ишмер Карыпбек Алымкулов, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, Бишкек баатырдын тууганы Тургунали Арипов, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, экс-премьер-министр Темир Сариев сөз сүйлөштү.

Бишкек Кенен уулу (Бишкек баатыр) — 18-кылымда жашаган тарыхый инсан. Ал кыргыз элинин душмандарына каршы улуттук-боштондук кыймылын жетектеген.

Бишкек баатырдын эстелиги колодон жасалып, анын бийиктиги үч метрден ашат.

Жаңы эстелик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имаратынын чыгыш тарабында, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине жакын жерде орун алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости