www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан 8 партияга ачкачылык жарыялоого уруксат берген жок. Бул тууралуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев бүгүн, 14-апрелде журналисттерге билдирди.

Аталган партиянын мүчөсү Амантур Манапбаевдин айтымында, 9 партия ачкачылык кармоо акциясына катышуу ниетин билдиришкен. Муну менен алар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.

«Биз чатыр тигүүнү ойлогонбуз, ар бир партиядан 1-2 киши ачкачылык кармайт. Бирок бизге соттун чечимин көрсөтүштү, ал жакта сот акимчиликтин митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө сунушун колдоору айтылат», - деди Манапбаев.

Партиялар тыюу салууга карабай ачкачылык кармоону улантууну пландап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости