www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы кырдаалга байланыштуу азык-түлүктүн кымбаттап жатканына жакыр өлкөлөрдөгү ачка отурган эл уюштурган башаламандык дагы кошул-ташыл болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Guardian басылмасына берген маегинде Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) генералдык директору Нгози Оконджо-Ивеала билдирди.

"2022 жана 2023-жылдары азык-түлүктүн кымбатташына Украинадагы абал негизги себептердин бири болот. Тамак-аш менен күйүүчү май жакыр өлкөлөрдө эң зарыл товарлардын катарында турат. Андыктан экономикасы өнүкпөгөн өлкөлөр бир топ жабыркайт", — деди Оконджо-Ивеала.

Анын айтымында, Африкадагы 35 өлкөгө азык-түлүк Кара деңиз аймагы аркылуу жеткирилчү.

"Эгер Украинанын айланасында болуп жаткан окуялардын кесепетин жумшартуу жагын ойлонбосок, дүйнөнү дагы бир ири катастрофа күтүп турат. Ал быйыл болбосо дагы эмдиги жылы болушу мүмкүн", — деди ал.

Уюм жетекчисинин пикиринде, бул жолу дагы 2000-жылдары күч алган дүйнөлүк кризис сыяктуу кырдаал түзүлүшү толук ыктымал. Анда дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап, бир топ мамлекеттердин экономикасын бүк түшүргөн.

Ошондой эле Оконджо-Ивеала буга чейин сөз болуп жаткандай, Орусияны ДСУнун мүчөлүгүнөн чыгарып салуу өтө татаал экенин кошумчалады. Анткени буга мүчө мамлекеттердин бери дегенде 75 пайызынын макулдугун алуу керек. Бул көп убакыт жана энергияны талап кылган оор процесс.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости