www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жараткан Алла Таалам ар бир адам баласына өз-өзүнчө акыл, талант, өнөр, кесип, ошону менен катар жөндөмдүүлүк берген.
Ошолордун арасынан кээ бир таланттар эл ичинен суурулуп чыгып, атактары дүйнөгө тарап "жылдыз" болуп кетишүүдө. Ал айрым таланты күчтүү адамдар эч кимге билинбей эл арасында аралашып, жөн гана карапайым жашоосун өткөрүп келишет. Алардын кийген кийимдери да, ичкен тамактары да, жашоо-шарты да жупуну, болгону өзгөчө касиеттери менен гана айырмаланып турат.
Алар жупуну жашоо өткөрүшсө да баары бир көпкө чейин унутулбай ооздон-оозго аңыз, дастан болуп айтылып келет.
Мен баяндай турган окуя атамдын айтуусунда 1950-55-жылдары болгон экен. Анда ата-энем Токтогул районунун алыскы Толук айылында жашашчу. Айыл экиге бөлүнүп турчу. Азыр деле ошондой турган. Үстүңкү кыштак, астыңкы кыштак болуп ал айыл экиге бөлүнүп турган. Жалпысынан Толук деп аталчу.
Толук деп аталышынын да себеби бар.
Айланасы бүт тоо курчап турат. Жергиликтүүлөрдүн дагы жашоо-шарты ошого ылайыкташтырылган. Балык, мал кармашат, аары, бал челектер менен алектенишет. Айлана-тегерегинин баары дыйкан чарбасы болуп, ошондон улам илгери Кеңеш Өкмөтү орногондон кийин Толук болуп аталып калыптыр.
Ушул үстүңкү кыштакта ыраматылык Нурбай жана Рысбай деген адамдар жашап өтүшкөн. Нурбай өз убагында дин мектебин бүткөн билимдүү молдо болгон. Күндөрдүн биринде Рысбай өзү менен жашташ, ары теңтуш Нурбайга жолугуп, өзүнүн эшеги катуу ооруп, мал болбогонун сезгенден кийин айылдан оолак күл дөбөнүн үстүнө сүйрөп барып таштаганын айтты. Нурбай молдону сынап көрмөккө ошол дөбөчөгө жакындаганда эс-учу жок жаткан эшегин көрсөтүп минтип айтат:
- Сен молдомун деп эле айтасың, деги сенин касиетиңди көрөйүнчү, ушул эшегимди айыктырып, тургузуп берчи. Нурбай теңтуш өскөн курбусунун сөзүнө ойлонуп калат.
- Болуптур, жүрчү ошол эшек жаткан жерге баралы, - экөө ээрчише ошол эшек жаткан дөбөчөгө барышат. Эшек бир топтон бери жатканы менен али өлө элек араң жаны бар экен. Жолдошунун "Сен молдо болсоң көрөйүнчү!" деген сөзүнө ызаланган Нурбай эшектин жанына чөгөлөп отура калып дуба салат. Ирети менен дуба окуп, аягында буту менен эшекти бир тепкенде эшек кадимки абалына келип, ордунан ыргып туруп, андан ары айкырып үн салып качып жөнөйт. Эшек оңолуп кеткени кеткен, Нурбай молдо ошол жерден дендароо болуп, эс-акылына келалбай
жыгылат. Көрсө, эшектин катуу оорусу дуба салып тургузган Нурбайга өтүп кетиптир. Ошондон улам Нурбай молдо катуу ооруга чалдыгып күл дөбөдөн тура албай жатып калат. Рысбай араңдан зорго молдону үйүнө көтөрүп жеткирип келет. Анан болгон окуя тууралуу айыл элине айтат.
Айыл ичи заматта уу-дуу боло түшөт. Бирок "миң уккандан бир көргөн артык" дегендей көпчүлүк дале ишенбей ошол дөңсөөгө жөнөшөт. Чынында дөңсөөдө өлө-сөлү болуп оорулуу эшек жатканын баары эле көрүшүптүр. Күл дөбөгө жете келишсе чын эле эшек ордунда жок экен. Анан алар дароо Рысбайдын үйүнө барышты. Эл кунандан соо болуп үйүнүн жанында турган эшекти көрүшүп айран таң калышат. Ал эми Нурбайдын үй-бүлөсү катуу ооруп жаткан молдого жардам көрсөтүү үчүн барбаган жери калбайт. Эч бир дабасын таба алышпай кыйналган соң "жетинин бири кыдыр" дегендей жети молдону чакыртып дем салдырат. Жетөө катар отурушуп дем салганда оор жүктү үстүнөн алып салгандай эс ала түшкөн Нурбай молдо башын кетөрөт.
- Оорунун күчүнө дем жетпей жатат. Сабагыңарга дагы эки молдону кошкула, - деп чоң молдонун айтканын аткарышып, 9 молдо дем салганда гана Нурбай молдо эс-акылына келет.
Ошондон кийин Нурбай молдо мурунку калыбындай болбой бир мүнөздүү, адам менен көп сүйлөшпөгөн, жалгыз жүргөндү жактырып, элге кошулбаган адам болуп калат. Дем салган молдолордун айтуусунда: "Эшекти дубанын күчү менен айыктырып, эшектин илдетине өзү кабылган" деген сөз эл ичине таркайт. Ал эми атам өз байкоосунда Нурбай молдону мындайча эскерет:
- Анда мен Совет деген коңшу айылында орто мектепте 10-класста окуп жүргөн кезим. 1964-жылдын жаз айы эле. Мектептен үйдү көздөй шашыла келатып бак түбүндө отурган Нурбай молдого алыстан көз кыйыгымды сала токтоп калдым.
Нурбай молдо жанына ар түркүн куштарды кондуруп алып кызуу маек куруп жаткан экен. Кийинки учурда элге кошулбаган касиеттүү молдо куштардын тилин билгендиктен тал-теректе конуп турган куштарды үн чыгарып, өзүнүн жанына кондуруп алчу.
Пайгамбар жашында жалаң канаттуулар менен эрмек болуп калганын айтып калышчу айылдаштары да. Ал эми Нурбай молдону узун сабак сөз кылышкан айыл эли: "Нурбай молдо учурунда күчтүү медреседен билим алган. Анын касиети абдан күчтүү эле. Ошол оорулуу эшектин илдети молдого тийип, 9 молдонун деми толук сакайта албады. Эшекке бекер дуба окуган" - деп калышат.
Булак: Шамбала