www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин өздүк курамынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер! Сиздерди кыргыз тилинин күнү менен, эне тил
майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Биздин ата-бабалар кыргыз тилин өнүктүрүп өстүрүп дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосун жараткан деңгээлге жеткирип бизге мурас кылган. Эми биздин милдетибиз кыргыз тилин илимде да, техникада да, философияда да,саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп өнүктүрүп, өстүрүп келечек муунга жеткире алсак, келечек муундарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болот. Эмесе кымбаттуу кесиптештер, ардактуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил  күнү менен дагы бир ирет куттуктайбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости