www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Онлайн кабыл алуу: бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүлүп, коррупциялык көрүнүштөр жоюлду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу быйылкы жылы онлайн форматта жүрдү. 2020-2021-окуу жылына жалпы 98 136 абитуриент кабыл алынды.

Онлайн кабыл алуу боюнча V турдун жыйынтыгында жогорку окуу жайларга 42 миңден ашуун, колледждерге II тур менен жалпы 41 миңдей жана кесиптик башталгыч окуу жайларына 15 миңдин тегерегинде абитуриенттер билим кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жолу абитуриенттерди кабыл алууна онлайн форматын уюштуруп, тиешелүү багыттар боюнча атайын порталдарды иштеп чыкты.

Онлайн кабыл алуунун артыкчылыгы:пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздап, вирустун жайылышына жол бербөө;

абитуриенттердин ЖОЖдорго массалык топтолуусун алдын алуу;

абитуриенттер өлкөнүн каалаганын бурчунда туруп санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруу;

бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт түзүү:

окуу жайларга кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялоо;

конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү коррупциядык көрүнүштөрдү жоюу;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости