www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дубайдагы суу каптоодо жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Башкы консулдук кыргыз жарандары менен байланышта экени кабарланат.

«Жабыркагандар жок. Мекендештер бири-бирин жоктоп, кабарлашып турат. Бүгүн шаар боюнча эс алуу. Кечээ эле мектептер, бала бакчалар иштеген эмес. Унаасы чөгүп кеткендерге компенсация төлөнүп берилери айтылды», — дейт кыргызстандык мигранттар.

Белгилей кетсек, 16-апрель күнү Дубайда катуу жаан жаап, көчөлөрдү, имараттарды суу каптады. Аэропорт дагы суу астында калып, каттамдар токтотулду.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости