www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия менен АКШнын мамилелери Дональд Трамп АКШнын президенттигине кайра кайтып келсе жакшырмак, анткени ал жана Россиянын президенти Владимир Путин салттуу баалуулуктарды колдойт, деп эсептейт орусиялык философ, саясат таануучу жана социолог Александр Дугин.
"Менимче, мамилелердин жакшырышына мүмкүнчүлүк бар. Анткени биздин өлкөлөр, Россия жана АКШ, азыр ... салттуу баалуулуктарды жактаган, эки консерватор башында турган мамлекеттер", - деди ал РИА Новости агенттигине.
Агенттиктин маектешинин пикири боюнча, Россия жана Америка Кошмо Штаттары маданий, кызыкчылыктар жана геосаясий позициялары боюнча катуу айырмаланганына карабастан, аларды "күчтүү харизматикалык лидердин тиби" бириктирет.
"Азыр Американы дал ошондой харизматикалык лидер башкарууда, ал эми бизде болсо 25 жылдан бери ийгиликтүү башкарган харизматикалык орус лидери, жогорку башкаруучу бар", - деп кошумчалады ал.
Трамп АКШ президенти кызматына расмий түрдө киришип, дүйшөмбү күнү Капитолийде өткөн инаугурациялык салтанатта ант берген. Өзүнүн инаугурациялык сөзүндө Трамп АКШнын расмий саясаты мындан ары эки гана гендерди – эркек жана аял – таануу болуп эсептелээрин билдирген.