www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу курчуп, ядролук согуш кооптуулугу күчөп жатканы боюнча АКШнын отставкадагы полковниги Дуглас Макгрегор катуу билдирүүлөрдү жасады. Макгрегордун айтымында, Россиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жашыруун жана өтө катуу ультиматум жөнөткөн болушу мүмкүн.
Аскерий эксперт Макгрегор “Израиль ядролук курал колдонушу мүмкүнбү?” деген суроого жооп берип жатып, Нетаньяхунга жеткирилген катта Путин: “Эгер Израиль Жакынкы Чыгышта кандай гана формада болбосун ядролук курал колдонууга батынса, Россия Израилге каршы ядролук сокку урат”, - деп билдирген.
Дуглас Макгрегордун айтымында, Вашингтондогу жетекчилик кырдаалдын олуттуулугун толук баалабай жатат. Анын пикиринде, АКШнын Израилди шартсыз колдоосу дүйнөнү кайтарылгыс кырсыкка алып келиши мүмкүн. Ал Ак үйдүн саясатын сынга алып: “АКШ эмнеге аралашып жатканын түшүнбөй жатат”, - деген.
Эксперттердин айтымында, Россия мындай аракеттери менен ядролук тең салмакты кайра түзүүгө аракет кылууда. Алар эскертет. Эгер аймактагы тараптар ядролук чыңалууну токтото алышпаса, Үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучу реалдуу болуп калышы мүмкүн. Москванын катуу позициясы эл аралык аренада жаңы стратегиялык этаптын башталышын көрсөтүүдө.