www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө 2 миллион 782 миң 944 адам вирустан каза болду

Бүгүн, 29-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 127 миллион 92 миң 284 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 72 миллион 4 миң 448 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 782 миң 944 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 262 миң 37 болду. Тилекке каршы, 549 миң 335 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 534 миң 688 адамдан аныкталды. 312 миң 206 адам каза болсо, 10 миллион 971 миң 880 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 971 миң 624 адам вируска кабылган. 161 миң 552 бейтап көз жумса, 11 миллион 323 миң 762 бейтап оорудан сакайды.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости