www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 122 миллион 812 миң 281 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 69 миллион 523 миң 91 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 709 миң 627 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 21-мартка карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 783 миң 723 болду. Тилекке каршы, 541 миң 914 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 950 миң 459 адамдан аныкталды. 292 миң 752 адам каза болсо, 10 миллион 476 миң 123 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 599 миң 130 адам вируска кабылган. 159 миң 755 бейтап көз жумса, 11 миллион 130 миң 288 бейтап оорудан сакайды.
Булак: NazarNews.kg