www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң чоң

Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган Ан-225 "Мрия" учагы 2021-жылы 28-ноябрда "Манас" эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдирди. Маалыматка ылайык, узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык эле аэропорттору кабыл ала албайт. "Мрия" Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары келген.

Ан-225 "Мрия" - дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жүк көтөрүүчү учак жана жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат.

Учак СССРде бир жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда (долбоордун жетекчиси – В.И.Толмачев) 1984−1988-жылдары долбоорлонгон жана жасалган. Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда абага көтөрүлгөн. Ан-225 учагынын курулушунун максаты - көп жолу колдонулуучу "Буран" космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости