www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин имаратында салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнүн талкуусу коррупциялык жаңжалга айланды. Бул жолу тамеки продукциясынын акциздери күтүүсүздөн тамеки өндүрүүчүнүн пайдасына өзгөрүп кеткени белгилүү болуп, талаш-тартыштын жаралышына түрткү болду.

Кыргызстанда тамеки акциздери дайыма көңүлсүз көтөрүлчү. Алгач, муну ата мекендик өндүрүүчүлөргө карата жеңилдик катары сыпатташчу, бирок ири тамеки өндүрүүчү жабылгандан кийин деле кырдаал өзгөргөн жок.

Тамеки лоббиси жылдан жылга өсүп жаткан салыктарды жана бааларды токтотууга аракет кылат. Депутат Дастан Бекешев көп жылдан бери аларга каршы күрөшүп келет.

Салык кодексинин долбоорундагы акциздик манипуляциялар

2012-жылдын сентябрында Кыргызстан тамекиге каршы жаңы мыйзам кабыл алып, тамекини ысытылган чылымга теңеген. Бул эки продукцияга тең бирдей салык салынарын түшүндүрөт. Учурда алардын акциздери Салык кодексинде талкууланууда.

Башында, коомдук талкууда жана биринчи окууда ысытылган тамекинин акциздерин дааналап эсептөө чечими кабыл алынган.

Тамеки өндүрүүчүлөрдүн чылым ысытуучу электрондук түзмөктөрү дүйнөлүк рынокто 6 жылдан бери бар жана алардын сатуулары жыл сайын миллиарддаган долларга өсүп келет.

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, Экономика министрлиги ысытылган тамекинин акцизин килограмм менен саноонун ордуна, ар бир даанасына 2,25 сом деген бааны орнотууну сунуштаган. Анткени, бир килограмм үчүн 800 сом акциз болгондо, Кыргызстан бюджетке түшө турган дээрлик 90% салык кирешесинен кол жууп калмак.

Бирок, экинчи окууда, документке ысытылган тамекинин акцизин килограмм боюнча эсептөөнү күтүүсүздөн кайтарышкан. Эми аткаминерлер бир килограмм үчүн акцизди акырындык менен 3000 сомго көтөрүүнү сунушташкан, бирок бул реалдуу салыктан эки жарым эсе аз.

Парламенттеги кезектеги талашуудан кийин Бекешев биринчи менен экинчи окуунун ортосунда кодекс кантип өзгөрүп кеткенин, эң башкысы – сырлуу түзөтүүлөрдүн артында ким тураарын иликтөөнү сунуштаган.

Бекешевдин айткандарын Базар, соода мекемелери жана тармактарынын бирикмесинин башчысы Артур Ташибеков да тастыктаган. Ал акциз дааналап эсептөөдөн килограммга «бир-эки түндө» өзгөрүп кеткенин, бирок министрлер кабинетинин аткаминерлери бул норманын талкууланышы жана өзгөрүүсү мүмкүн эмес дешкенин билдирген.

«Бирдей мамиле болушу керек»

Парламенттеги депутаттар сунуштардын кескин өзгөрүп кетишине кыжырдана кетишти. Депутат Дастан Бекешев ысытылган тамекинин салттуу чылымдан эч айырмасы жок экенин айтып, акциздери дагы бирдей өлчөмдө алынышы керектигин билдирди.

Экономика министри Данияр Амангелдиев депутатка жооп берүүгө аракет кылып, ысытылган тамекинин рыногун «кайрадан көмүскө импорткө өтүп кетүүсүн» болтурбаш керек деп билдирди. Анткен менен, 2021-жылдын майында Philip Morris International уюму IQOS түзмөктөрүн жана алардын стиктерин расмий түрдө сатып баштаган эле.

«Бул нан эмес да, мен нанга болгон салыкты көтөрүүнү сунуштаган жокмун да. Бул зыян зат, аны тамекидей эле чегишет – бул кадимки эле тамеки! Калп! Болгону бирөө IQOS десе, экинчиси тамеки дейт», - деп жооп берди Бекешев.

Акциздин өсүшүнө каршы болгондор «көмүскө импортту» же аткезчиликти шылтоо кылып, көп жылдан бери бул мифтерди колдонуп келишет. Ушундай эле жоопту Бекешев 2015-жылы да алган, анда ал башка депутаттар менен тамеки продукцияларынын акциздеринин көтөрүлүүсү үчүн күрөшкөн.

Ошондо Жеткирип берүүчүлөр жана дистрибьюторлордун эксперттери буга активдүү каршы чыгып, Кыргызстанга аткез ташыган террористтик уюмдар келет деп божомолдошкон. Андан бери акциздер көтөрүлгөн, бирок террористтер келген эмес.

Комитеттин башчысы Салайдин Айдаров Бекешевдин айтканына макул болуп, ысытылган тамекинин акцизин көтөрө берсе, бюджетке акцизден эч киреше түшпөй калат деген сөзүн акыркы аргумент катары келтирген.

Ошол эле учурда, Кыргызстан жакында эле ишкерлердин эсебинен товарларды электрондук марикровкалоону киргизди. Ал аткезчиликтин, анын ичинде тамеки аткезчилигинин жолун бууганга багытталган.

Демек, айрым чиновниктер өздөрү колдошкон прогресске ишенишпейт. Же балким Кыргызстандагы тамеки лоббиси дагы деле күчтүү болгондур жана ага каршы Дастан Бекешев менен дагы бир нече депутат гана күрөшүп келе жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости