www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен COVID-19 илдетинин "омикрон" деген жаңы штаммы боюнча ыкчам жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Сүйлөшүүлөрдү өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов, Саламаттык сактоо министрлигинин жана ДССУнун өкүлдөрү жүргүзгөн.

"Омикрон" ДССУнун тизмесине коркунуч жараткан штамм катары киргизилген.

ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Назира Артыкова республикада эпидемиологиялык абал туруктуу болгону менен иммунизация процессин тездетүү керектигин айтты. Себеби "омикрон" башка штаммдарга салыштырмалуу тез тарайт.

Байсалов жаңы штаммдын пайда болушуна байланыштуу эртеңден тарта министрлер кабинети ресурстарды мобилизациялоо жана атайын чараларды активдештирүү боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл аларын билдирди.

Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги менен ТИМге COVID-19дун Кыргызстандын аймагында жайылып кетишин алдын алуу үчүн сунуштарды берип, тийиштүү чара көрүүнү табыштады.

Тараптар COVID-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмасы массалык вакцинация экенин кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости